Жаңылыктар
С. Жапаровдун демилгеси менен Кадамжай-Айдаркен жолун оңдоо иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаровдун демилгеси менен Кадамжай-Айдаркен жолун оңдоо иштери башталды

Кезинде Баткен облусун өлкөнүн башка аймактары жана Бишкек шаары менен байланыштырып турган Айдаркен-Кадамжай жолу кароосуз калып, элеттиктер жол азабын тартып келчү. 

Эми өлкө башчынын демилгеси менен Кадамжай-Айдаркен жолун оңдоо иштери башталды. Жолдун жалпы узундугу 54 чакырымды түзөт. Учурда курулуш иштерине 80ден ашуун техника тартылып, ушул жылдын күз айларына бүткөрүү иши пландалууда.