Жаңылыктар
Мектептердеги медициналык тейлөөнү жакшыртуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептердеги медициналык тейлөөнү жакшыртуу талкууланды

Мектептердеги медициналык тейлөө кызматын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлордун ийгилик, жыйынтыгы Бишкекте талкууланды. 

Ага Саламаттыкты сактоо, Билим берүү министрлигинин кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Тегерек столдо мектептерде медициналык тейлөөнү кантип жакшыртуу зарыл, ага ылайыктуу иштелип чыккан программа кандай болушу керек? - деген маселе талкууланды.

Ошондой эле медициналык кызматкерлер кандай даярдыктан өтүшү керектиги тууралуу пикирлер айтылды.