Жаңылыктар
«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагы жарыяланат
Кыргызстан жаңылыктары
«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагы жарыяланат

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагы кайрадан жарыяланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн мэрлердин форумунда белгилүү болду

Анда жарыштын эрежеси жана критерийлери талкууланды.

Социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу. 

Сынак шаарларда инклюзивдик саясатты ишке ашырууга, балдар менен жаштарга ар тараптуу шарт түзүүгө багытталган. 

Министрлер Кабинети өлкөнүн бардык шаарларын бул сынакка катышууга чакырат. 

Учурда жеңүүчү шаарды аныктоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы иштелип чыгууда. 

Атайын көрсөткүчтөрдөн сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзөт. 

Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсы муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин чыгарат.