Жаңылыктар
Улукбек Марипов ажылар менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов ажылар менен жолукту

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов ажылык сапарга Мекке шаарына барган кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле жолугушууга ажылык сапарын уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери катышышкан. Ажылар алардын акыбалын сураган элчиге ыраазычылыктарын билдиришти.