Жаңылыктар
Рухий-Мурас конушунда жаңы мектеп курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Рухий-Мурас конушунда жаңы мектеп курулууда

Жылына ондогон жаңы мектептер курулганы менен өлкөдө агартуу мекемелеринин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири катары айтылып келет. Башка жылдардан айырмаланып быйыл билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ушул тапта Бишкекте 15 жаңы мектеп курулуп, мамлекет тарабынан толук каржыланды. Салынып жаткан мектептердин бирин биздин кабарчыларыбыз көрүп келди.

Жаңы курулуп жаткан мектептердин эң көлөмдүүсү эле Рухий-Мурас конушунда курулуп жаткан бул 700 орундуу мектеп 3 блоктон жана 3 кабаттан турат. Бул мектептин курулушун аяктоо негизи 2023-жылдын октябрь айына белгиленген, бирок ушул тапта билим уясыно болушунча тезирээк бүткөрүп колдонууга берүүгө аракет жасалы, иш кызуу.