Жаңылыктар
Убактылуу Ала-Арча улуттук паркына автоунаалар киргизилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Убактылуу Ала-Арча улуттук паркына автоунаалар киргизилбейт

5-июлдан 8-июлга чейин Ала-Арча улуттук паркына автоунаалар киргизилбейт. Бул тууралуу аталган жайдан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, бул убакыт аралыгында жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда парктын жолдору реконструкцияланып жатат. Мындан улам кээ бир күндөрү машиналардын киришине чектөө киргизилүүдө.