Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 14 адам жабыркап, экөө каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 14 адам жабыркап, экөө каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жалпы 14 адам жабыркап, экөө каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июлда 19:30 чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында Honda Odyssey жана Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

7 жаштагы жана 69 жаштагы Ж.А. каза болуп, 14 адам ооруканага жеткирилген. Жол кырсыганан каза болгон адамдар ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.