Жаңылыктар
Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды

Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Билдирүүгө ылайык, Баткендин Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. 

Анда Умар аттуу жаран жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 доллардан берүүсүн талап кылып, коркуткандыгын билдирген. 

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча иш козголгон. Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары Кадамжай районунун 36 жаштагы жана мурда соттолгон 36 жаштагы тургундары кармалган. 

Алар айылдардын биринде 16 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалышкан. 

Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.