Жаңылыктар
Каракол - Ананьево - Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Каракол - Ананьево - Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгы катталды

Ананьево айылында Каракол - Ананьево - Балыкчы унаа жолунун 70-чакырымында Toyota 4Runner жана Daewoo Labo кичи жүк ташуучу унаасы сүзүштү. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагы билдиргендей, эки унаа тең бир багытта бара жатып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу бурулууга аракет кылганда катуу келе жаткан жол тандабас коюп кеткен. 

Жыйынтыгында Daewoo унаасынын 42 жаштагы айдоочусу Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.