Каракол шаарында калаанын башкы көчөлөрүндө реконструкциялоо иштери соңуна чыгууда. Жолдордун курулушу менен жеринен Президент Садыр Жапаров таанышты.
Торгоев көчөсүнүн асфальтбетон төшөлчү жалпы узундагы 1 чакырым 200 метрди түзөт. Көп жылдардан бери көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Торгоев көчөсү Каракол шаарынын 18 көчөсү менен кесилишет, анын ичинен 2 негизги көчө. Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана Каракол шаарынын жергиликтүү бюджети тарабынан каржыланган долбоордун жалпы сметалык наркы 75 млн. сомду түзөт.
Азыркы учурда Торгоев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Алдашев көчөсүнө чейин асфальтталды, ошондой эле Алдашев көчөсүнөн Пржевальск көчөсүнө чейин ондоо иштери башталды. Бардык иштерди 20-июлга чейин бүтүрүү пландалууда.
2 чакырым 600 метрге созулган, туурасы 14 метр Токтогул көчөсү 1970-жылы курулуп, асфальтбетон катмары бузулган. Республикалык бюджеттен каржыланган Токтогул көчөсүнүн сметалык долбоорунун наркы 175 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери 90% аяктады, 15-июлга чейин объект өткөрүлөт.
Пржевальск көчөсү тууралуу айтсак, ал акыркы жолу 1950-1970-жылдары оңдолгон.
Бүгүнкү күндө Пржевальск көчөсүнүн жолдун астына суу өткөрүүчү түтүктөр 1,8 км орнотулду, шаардын түштүк тарабынан түндүк тарабына өткөзүү түйүнү болуп эсептелинет. Күчүков көчөсүнөн баштап Кутманалиева көчөсүнө чейин асфальт 2 тилкеге төшөлдү, түштүк тарабынан 400 м. тротуар жасалды. Бардык курулуш иштери 31-августка чейин аяктайт. Мындан тышкары шаарда сметалык наркы 100 млн сомду түзө турган 38 км тротуар куруу 5 км негизги жолдорду оңдоо жана борбордук көчөлөрдү 240 млн сом суммасында реконструкциялоо пландалууда.
Муну менен Каракол шаарында 2022-жылы 15 км ашуун негизги жолдор жана 60 км ашуун тротуар оңдолот.