Жаңылыктар
Кыргызстандын алдында тышкы карызды төлөө милдети бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын алдында тышкы карызды төлөө милдети бар

Быйыл 23 млрд сом, келерки жылы 25 млрд сом тышкы карызды жабуу милдети турганын Президент Садыр Жапаров парламентте сүйлөп жатып эскертти.

Ал белгилегендей, алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алынган карыз төлөнүшү керек.

 "Сырткы карызды төлөө жана башка маселелерди чечүүдө чечкиндүүлүктү көрсөтүү керек, мындай олуттуу маселеде парламенттин колдоосуна ишенем", - деди мамлекет башчысы.