Жаңылыктар
Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна экспресс автобустардын каттамы жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна  экспресс автобустардын каттамы жанданат

Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна ыңгайлуу экспресс кичи автобустары менен жетүүгө болот. 

Мындан ары аба майдандан конок тосуу же узатууда жеке унаа, таксиден сырткары экспресстин ишке кириши менен транспортто көйгөй жаралбайт. 

12 кичи автобус "Манас" аэропортунан Бишкекке жана Бишкектен аба майданга ар жарым саат сайын күнү-түнү каттайт. Жол кире 150 сом. Экспресс унааларды «Go bus» бренди менен таанууга болот. 

Эми жакынкы убакытта чоң автобустарды Бишкектен Караколго чейин каттамга коюу пландалууда. 

Алар күн сайын бир канча ирет жүргүзүлөт. «Go bus» - Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фондунун долбоору.