Жалал-Абад шаарында массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага жаткырылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда.
Уулангандардын айтымында, алар шаурма жеген.
Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.