Жаңылыктар
ӨКМ: Эс алуу жайларындагы коопсуздукту өз көзөмөлүнө алат
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Эс алуу жайларындагы коопсуздукту өз көзөмөлүнө алат

Сууга түшүү мезгили башталган кыска аралыкта эле өлкө аймагы боюнча 30дан ашык адам сууга чөгүп кетти. 

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарга сууга түшкөн учурда сак болууну эскертүүдө. 

Куткаруучулар Бишкектеги көлмөлөрдүн бирине барып, эс алып жаткан жарандарга коопсуздукка байланышкан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адам сууга чөккөн учурда кантип жардам берүү керектиги тууралуу айтып беришти.