Жаңылыктар
Төө-Ашуу менен Ала-Белде кар күрткүсү тосулат
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашуу менен Ала-Белде кар күрткүсү тосулат

Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел тилкелерин кар күрткүсүнөн тосуу үчүн япон өкмөтү грант түрүндө 1 миллиард 34 миллион иен берет. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, трассанын 125-129 жана 216-222-чакырымдарына тосмолорду орнотуу долбоорлоштурулган. "Япониядан келген адистер ашуулардагы кар массасынын топтолушу боюнча изилдөө жүргүзүштү. Анын натыйжасында аталган тилкелерге кар тосмолорун, визуалдык көрсөткүчтөрдү орнотуу сунушталды. Космостук жана жаңы технологиялар менен 1,5 жыл изилдөө жасалды. Тосмолор акыркы үлгүдөгү япон технологиясы менен курулат. Бардык материалдар Япониядан алынып, адистер да кошо келет", — деди Тиллаев.

Ошондой эле ал 2016-2021-жылдар аралыгында Төө-Ашуу менен Ала-Белде кар күрткүсүнүн кесепетинен 65 жолу унаа каттамы токтотулганын билдирди. Жолду тазалоо учурунда жолчуларга да кыйынчылык жаратарын айтты.