Чүй облусунун Жайыл районунда дан эгиндеринин чабыгы башталды. Жергиликтүүлөрдүн айтымында гектарына 5 тоннадан алынууда. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир канча эсе жогору. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жумабек Жунушалиевдин айтымында, былтыр гектарына 16 центнерден гана алышкан. Учурда Сары-Коо, Красный-Восток, Полтава, Степное айылдарында эгин жыйналууда.
Быйыл жогорку түшүмдүүлүккө аба ырайынын жаанчыл, жер семирткичтер менен Россиядан келген үрөндүн жогорку сапатта болушу таасир берген. Жайыл району боюнча жалпы 46 миң 700 гектарга арпа менен буудай себилген. Быйыл дан эгиндерин жыйноо 10-15 күнгө эрте башталды.
Учурда эгиндин 4-5% гана чабылды. Райондун акими Асылбек Нурбековдун айтымында, ар кандай табият кырсыктарын алдын алуу максатында дыйкандарга коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Башкармалык билдиргендей, арпа менен буудайдын 1 килосун 16-17 сомдон талаадан эле сатып алышууда. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдер фондуна аталган райондон 2071 тонна буудайдын ар бир кили 25 сомдон алынат.