Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушунда гүлбакча курууга тендер жарыялады.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тендер чектөөсүз, эки пакеттүү сатып алуу ыкмасы колдонулат.
Ага ылайык 132 млн сомдон ашуун каражатка 27-июнда жарыяланган, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-июлга чейин.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.