Жаңылыктар
Кара-Сууда алты кишинин өлүмүнө себеп болгон айдоочу камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Сууда алты кишинин өлүмүнө себеп болгон айдоочу камалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда алты кишини басып калган оор жүк ташуучу HOWO машинасынын айдоочусу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 26-июнда облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Айдоочу наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөрүлдү. Ал алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталды. 25 жаштагы айдоочу менен чогуу анын жанында бараткан 20 жаштагы жүргүнчүсү да суракка алынууда. 

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренесинин негизинде козголду. 

Кырсык 24-июнда Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Маала айылында болгон. 

Көмүр ташып келе жаткан унаа алты кишини – бир аялды, бир сегиз айлык боюнда бар келинди, үч кичинекей кызды жана бир ымыркайды басып калып, алар ошол замат каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочу машинаны башкара албай калганын, унаа жолдон чыгып кетип оодарылып кеткенин билдирген.