Жаңылыктар
Бишкектеги №69 мектеп-гимназияда акыркы коңгуроо кагылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №69 мектеп-гимназияда акыркы коңгуроо кагылды

Бишкектеги №69 Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-гимназияда акыркы коңгуроо салтанаты өттү. 

Бул билим берүү уясын быйыл 11-классты 97 бүтүрүүчү аяктап, анын жетөө “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.  300дөн ашык окуучу орто билими тууралуу документ алышты. 

Ага мэриянын өкүлдөрү жана президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов катышты. Ал бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, албан ийгиликтерди багындырууларына тилектештигин билдирди.