Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин жыйынында Султан Раев бир добуштан түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу уюм ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы болуп шайланды.
Эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы түзүлгөн жана анын кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан. Бул уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан негизги мүчө, ал эми Молдавиянын Гагаузия, Россиянын Татарстан, Алтай, Якут, Башкортостан, Хакасия республикалары байкоочу макамына ээ.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү, ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу.
Бул эл аралык уюмду буга чейин Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген.
31-мартта Бурса шаарында өткөн Туруктуу Кеңештин жыйынынын чечими менен Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктардын ээси Султан Раевдин шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң жеңиши катары бааланат.
Эл арасында ТҮРКСОЙ уюмун “түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу” деп да атап жүрүшөт.