Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Сауд Арабия Падышалыгынын элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. 

Жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулады. 

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргызстанга болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет.

Кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет. 

Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.