Жаңылыктар
УКМК: Чек ара кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК: Чек ара кызматкерлери кармалды

Чек ара кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан Чек ара кызматынын системасындагы коррупция боюнча маалыматтар аныкталган. 

Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан "Кадамжай-авто жол" постунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмө посттун кызматкерлери чек ара аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан унаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган. Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде алты кызматкер кармалып, тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.