Жаңылыктар
Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.
Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана Мамлекет башчысынын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.