Нарында дарыгерлердин жаңылыштыгынан жабыркаган эненин абалы жакшырууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Вице-мэр Назира Жумакадырова облустук бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүнө барып, дарыгердин кемчилигинен өмүрүнө коркунуч жаралган жаш энеден кабар алды. "Бейтаптын абалы жакшырып келе жатат. Дары-дармектер жетиштүү жана толук көзөмөлдө. Дарыгерлер бардык чараларды көрүп, зарыл каражаттар менен камсыздашкан", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Нарында медайымдын катачылыгынан улам жаңы төрөгөн келинге сырткы колдонууга арналган антисептик тамырга сайылып, ал реанимацияга түшүп калган. Кийин бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен ырасташып, келин жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы, абалы туруктуу экени айтылган. Ошондой эле окуяга укук коргоо органдары юридикалык баа беришери кошумчаланган.