Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти. 

28-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда күндүн жылышы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызстандын аймактарында акыркы эки жумада жамгыр, кар көп жаап, бир топ түйшүк жаратты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү коркунучунан улам Оштун Кара-Суу районундагы Учкун айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрдү. 24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолорго барчу жолдогу калың кар тазаланып, ал жактагы малга 400дөй боо чөп жеткирилди.