Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, үй Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылууда.
Буга чейин салынган 8 кабаттуу имаратты 12-кабатка чейин көтөрүү пландалып жатат. Министр курулуш иштери башталганын жана ал аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.
"Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда", - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.