Жаңылыктар
Бишкекте өрттүн кесепетинен эки жаран жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте өрттүн кесепетинен эки жаран жабыркады

27-март күнү Биринчи май районунун Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбанын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Жерине №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн бир бөлүмү тартылган.

Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, тез жардам кызматы менен күйүк борборуна жеткирилген. Учурда аты-жөнү такталууда. Өрт 23:27 четкөөгө алынып толук 23:44 өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.