Жаңылыктар
Чүйдө унаадан өрт чыгып, эки жаран жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө унаадан өрт чыгып, эки жаран жабыркады

27-март күнү Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 65-чакырымында «Mazda 323» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 2 адам күйүк алган, 35 жаштагы эркек киши жана 26 жаштаны аял киши. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Өрттү №22 өрткө каршы куткаруу бөлүмү саат 21:50 чектөөгө алып, толук 22:33 өчүрүштү. Жабырган жарандар ооруканага жеткирилген, учурда алардын абалы канааттандырарлык. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.