Жаңылыктар
Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды
Кыргызстан жаңылыктары
Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды

Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды. 42 чакырым 195 метр аралыгында эркектер арасында Илья Тяпкин 2 саат 21 мүнөт 39 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль жеңди. 

Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гүлшаной Сатарова 2 саат 34 мүнөт 50 секундда келип 1-орунду ээледи. Жарым марафондо 21 чакырым 97 метр аралыгында эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен алтын медалдын ээси болду. 

Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынды. Жарым марафон аралыгында Айтпай уулу Бердигул 4-орунду ээледи.