Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозону утурлай быйылкы зекеттин көлөмүн бекитти.
Анда “баалардын туруксуздугуна байланыштуу, битир-садака берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай, ун, мейиз же 3 килограмм 200 грамм арпа, курма баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз”, - деп жазылган.
Ошондой эле алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болору маалымдалган. Андан сырткары малдан берилчү зекет тууралуу түшүндүрмө берилген.
"Эгер ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы ушундай зекет берилет. Кой-эчкиси 40ка жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет. Мусулмандын беш төөсү болуп, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой берилет. Жылкынын зекети күнүмдүк жашоодо колдонулбаган, алты айдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардан алынат. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрөт", - деп айтылат маалыматта.