28-марттан тарта Бишкектин 7 миңден ашык абонентинин электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Мындан улам ишкана электр кубатынын акысын өз убагында төлөөгө чакырды.
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн "Түндүк электр" мобилдик тиркемеси жана ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат. Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" күнү-түнү иштеген "1209" номери аркылуу телефон чалуу борборунан тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Карызды төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле электрондук капчыктары жана коммерциялык банктар, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.