Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
26-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу, Красная горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-95-чакырымдарында, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда, Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык унаа жолунун Батман-Көл, Кара-Тейит айылында, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда, Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуусунда, Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.