Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, ага бөгөт коюунун алкагында, Кыргызстанда "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун колдоочуларынын санын минималдаштыруунун максатында, эл алдында радикалдуу көз караштардан баш тартууга багытталган алдын алуу иштеринин жүрүшүндө Талас шаарынын тургуну аталган уюмдан мындан нары баш тартарын айтты.
2003-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун катарына кирип, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген. Ал өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргызстандын жарандарын "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.