УКМК тарабынан мыйзамсыз колдонуудагы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери, облустук милиция жана чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жай табылган. Анда 2 кырдуу жылмакай курал, 1 жылмакай аңчылык куралы, 1 майда калибрлүү мылтык,
1 "Сайга-410" карабини, 59 даана ар кандай көлөмдөгү октор табылган. Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркирленген маалыматтары өчүрүлгөн. Учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.