Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 13 маселе каралды.

Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү  “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Министрлер Кабинетинин чечим долбоорун карап чыгып, жактырышты.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлиги “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кароого сунуштады.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү  ошондой эле республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 390 000 (жүз токсон тогуз миллион үч жүз токсон миң) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун карап, жактырышты.

“2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча  Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин программалык бюджет түзүү ыкмаларына окутууну тапшырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү   “2021-жылдын 16-ноябрындагы ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечиминин долбоору каралып, жактырылды.