Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен энергетика тармагында инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Өзбекстанга иш сапарынын алкагында "Борбор Азиянын инвестициялык потенциалы" аттуу биринчи эл аралык инвестициялык форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Азиз Аалиев инклюзивдик "жашыл" экономика демилгесин киргизүүнүн жана аны алга жылдыруунун, төмөнкү көмүртектүү жана аз эмиссиялуу өнүктүрүүгө өтүүнүн, парник газдарынын бөлүп чыгаруусун кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргызстан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында өз аймагында ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу кыргыз тарап энергетика тармагына тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар. Биз инвесторлорду Камбар-Ата - 1 ГЭСи сыяктуу ири гидроэнергетикалык долбоорлорду жана башка артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга катышууга чакырабыз. Инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев.