Финляндия Республикасынын Президенти Саули Ниинистё Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду.
“2022-жылдын 23-мартында Финляндия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду, ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубатчылык кааларымды айткым келет”, - деп айтылат куттуктоо катында.