17-март күнү саат 21:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Живпром тилкесиндеги №6 босогосунун 20 метр аралыгын жана №10 коргоочу тосмонун сол жээгинен 20 метрин суу жеп, шаарда 569 турак үй жана 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралган.
Буга байланыштуу 18-март күнү Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жаралган кырдаалдан улам КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов аталган объектке жеринен таанышуу үчүн барды. Дарыя жээгин бекемдөө иштеринде ыкчам аракет көрүү тапшырмасын койду.
Маалымат катары айта кетсек, учурда КР ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы баштаган өздүк курам, Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү жана жарандык коргоону кызматы жеринде иш алып барууда.