Жаңылыктар
Арстанбек Мурзалиев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Арстанбек Мурзалиев дүйнө салды

Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады. 20-мартта 91 жаш курагында медицинанын, илимдин жана билим берүүнүн көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, окумуштуу, таанымал адис, Кыргызстандагы неврология тармагын жана медициналык генетиканы изилдөө, өнүктүрүү жаатындагы илимий мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси Арстанбек Мурзалиев дүйнөдөн кайтты. 

Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин, неврология кафедрасынын клиникалык ординатурасын аяктаган. Аспирантура менен докторантураны Москвадагы СССРдин Медициналык илимдер академиясынын Николай Бурденко атындагы Нейрохирургия илим-изилдөө институтун бүтүргөн. 

Анын илимий эмгектери клиникалык өтө дыкат изилдөөсү, патофизиологиялык талдоосу терең жана өзгөчө оригиналдуулугу менен айырмаланат. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларын жактап, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштеген. Ал мезгилдерде республиканын неврологиялык кызматы калыптанып жана өнүгүү жолуна түшкөн. Бардык облустук борборлордо жана ири шаарларда адистештирилген, дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган неврологиялык бөлүмдөр уюштурулган, нерв оорулары боюнча клиниканын базасында нейрохирургиялык бөлүм жана медициналык генетика бөлүмү, ангионеврология сектору ачылган. Академиктин илимий ишмердүүлүгү дайыма педагогикалык ишмердүүлүгү менен айкалышып турат. Учурдагы реалдуулукту эске алуу менен билим берүү кызматтарынын бир бөлүгүндө чет элдик студенттерди окутуу үчүн факультет ачылган. Мурзалиев Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайда даярдоо бөлүмүн ачуунун, Ош шаарында педиатрлардын дасыгын жогорулатуу курстарынын, Ош жана Кыргыз-Орус Славян университеттеринде медициналык факультеттерди ачуунун демилгечиси болгон.

Арстанбек Мурзалиевдин илимий жана практикалык жетишкендиктери белгиленип, ага "Республиканын эмгек сиңирген врачы" наамы ыйгарылган, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, "Илимге эмгек сиңирген ишмер" наамдары берилген, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Советтер Союзунун медалдары, "Даңк" медалы, "Манас" ордени, бир канча жолу республиканын Жогорку Советинин Президиумунун, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. Жогорку Советтин эки чакырылышынын депутаты болгон.

Маркумдун жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма жашайт жана сакталат.

Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Т.Мамытов, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, А. К. Эргешов, Д. Ашимова, А.Бейшеналиев жана башкалар.