Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат.
Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.