Мектептердин шартын жакшыртып, окутуу сапатын жогорулатуу максатында Билим берүү министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууда. Анда билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоодон тартып, мугалимдердин кесиптик дасыгын жогорулатууга чейин кенен программалар камтылган.
Эл аралык кызматташуунун алкагында эки ири долбоор ишке ашууда. Анын бири мугалим, мектеп администрацияларынан тышкары, ата-энелерди жана кызыктар тараптарды программаларга тартып, алардын курамында “камкордук кеңешин” түзүү.