Жаңылыктар
Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен саламаттык сактоо маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банк менен натыйжалуу кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана COVID-19 пандемиясы учурунда республикага көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирди.

Ал белгиленген программаларды жана долбоорлорду мындан ары карай ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви өз ара кызыкчылык туудурган жана өлкө үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну жактай тургандыгын белгиледи.

Тараптар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын делегациясынын Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуусуна даярдыктарын талкуулады.