Өлкө аймагындагы азык-түлүктүн баасы туруктуу сакталышы үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампасынан кум шекер менен өсүмдүк майын чыгарып жер-жерлерге жөнөтүүдө. Ири көлөмдөгү жүк Ош шаары менен Майлы-Суу шаарына жиберилди. Элге ыңгайлуу шарт түзгөн мындай иш-чаранын бирине кабарчыбыз барып келди.