Жаңылыктар
Азаттык үчүн көтөрүлүштөр сүрөттөрдө. Аксы окуясын чагылдырган көргөзмө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Азаттык үчүн көтөрүлүштөр сүрөттөрдө. Аксы окуясын чагылдырган көргөзмө ачылды

Улуттук тарых музейинде Аксы окуясынын 20 жылдыгына жана жалпы эле эгемен Кыргызстандын соңку отуз жылдагы коомдук-саясий турмушун чагылдырган фотодокументалдуу көргөзмө ачылды. 

Көргөзмөдө документалдык материалдар, расмий документтерден үзүндүлөр - 2002-жылдагы окуяларды чагылдырган жарлыктар, буйруктар, токтомдор орун алган. Ошондой эле, элдик жыйындарды, митингдерди, Аксы - Бишкек жолунун боюндагы жүрүштү чагылдырган сүрөттөр, жетекчилердин сүйлөгөн сөздөрү жана Аксы окуясында курман болгондордун сүрөттөрү коюлган. Кийинки Жоогазын жана Апрель революцияларын, соңку октябрь окуяларын чагылдырган фотосүрөттөр, документтер, китептер орун алган.