Жаңылыктар
Депутаттар Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Депутаттар Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар Аксы окуясынын курмандыктарын эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл чамбар коюшту. 

Мындан 20 жыл мурда, 17-мартта Аксы районунун тургундары ошол учурдагы бийликтин тура эмес жүргүзгөн саясатына каршы чыгып, нааразычылык билдиришкен. Анда жергиликтүү элге ок атылып, алты адам каза болгон жана бир тобу жаракат алган.