Акыркы эки айда 133 киши каржы пирамидасына алданып, 61 млн сом чыгым тартты. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эки айда 91 иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген.
Дагы 111 иш тергөөдө турат. Фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ички иштер министрлиги жарандарды финансылык алдамчылыктан сак болууга чакырат. Ак эмгек менен тапкан акчаны мындай уюмдарга салаардан мурда, аны кылдаттык менен баалоо керектигин эскертет.