Жаңылыктар
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабиров тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабиров тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды. 

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган, ага ылайык Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин карамагына өткөрүлдү.

Министрлер Кабинетинин башчысы учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирди. 

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров агенттиктин жаңы жетекчисине жана жамаатына ийгилик жана жемиштүү иш каалап, Кыргыз Республикасына чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га өскөнүн белгиледи.