Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарларында массалык ишембилик өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарларында массалык ишембилик өттү

Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарларында массалык ишембилик өттү. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузактагы №97 мектепте өткөрүлгөн ишембиликке катышып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте короосуна 200дөн ашуун дарак көчөттөрү тигилди. 

Демилге президенттин “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулган. Өкүл бак-даракардын көчөттөрүн тигүү экологиялык туруктуулукту сактоо жана айлана чөйрөнү жашылдандырууга түрткү болоорун кошумчалады. Көчөт тигүү акциясы облустун бардык аймагында колго алынган.