“Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата Баткен облусунун аймагында бак-дарактарды отургузуу иш чарасы уланууда. Бүгүн 12-мартта жалпы республикалык ишембиликтин алкагында эс алуу бактары тазаланып, социалдык-маданий обьектилерге, мекеме ишканалардын имараттарынын айлансына гүл отургузулуп, бак-дарактар тигилди. Актап-сырдоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев катыштып, өкүлчүлүктүн имаратынын алдына аппарат кызматкерлери менен биргеликте ийне жалбырактуу бак дарактардын көчөттөрүн отургузду. Массалык ишембилик Баткен облусунун аймагында да кызуу уюштурулду. Ага жашоочулар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери болуп жалпысынан 50 000ге жакын адам катышты. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдер, шаарлардын мэрлеринин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу акциясы жер-жерлерде уюштурулду. Белгилей кетсек Президент Садыр Жапаров тарабынан айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланган. Ага ылайык Баткен облусунун аймагында массалык ишембиликтер 1-мартта башталган. Алдыда айлана чөйрөнү тазалоо 1-июнга чейин уланат.