«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» компаниясынын уставдык капиталы быйыл 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга катар «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Финансы министрлигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, «Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» милдети - жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү, микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.